Бөбөктөр үчүн таттуу белектер тартууланат

Эртең  1-июнь –Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Нарын шаардык мэриясы чоң  программадагы иш чара өткөрөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Майрамдык иш чара Нарын шаарынын “Алма-Бак” сейил багында саат 10-00дө башталат. Кичинекей бөбөктөргө таланттуу балдардын концерти тартууланып, жомок, мультфильм көрсөтүлүп, асфальтка сүрөт тартуу сынагы өтөт.   Ошондой эле майрамдык иш чаранын жүрүшүндө майрам ээлерине мэрия жана башка демөөрчүүлөр тарабынан бекер бал муздактар таратылат.

Добавить комментарий