ВЕЛОЖОЛДУН АЙЛАНАСЫНА 20 КАЙЫҢ ОТУРГУЗУЛДУ

Нарын шаарынын Көтөрмө чөлкөмүндөгү веложолдун курулушун жүргүзгөн «НАК строй» курулуш ишканасы веложолдун айланасына 20 ак кайыңдын көчөттөрүн отургузушту.Бак отургузуу иш чарасына Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев да катышып Нарын шаарын жашылдандырууга өз салымын кошкон инвесторлорго өз ыраазычылыгын билдирди.Ошондой эле бул аймакты көрктөндүрүү максатында дагы көчөттөрдүн ордулары даярдалып, кам көрүп, тигилген көчөттөрдү мал жандыктарынан коргоо үчүн айланасын тосуу иштери тапшырылды.

Добавить комментарий