Вице-премьер Д.Ниязалиева Нарын шаарындагы бир нече социалдык объектилерди кыдырып, неврология бɵлүмүнүн курулуш иштери менен таанышты

Бүгүн, 19-августта Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн вице-премьер министри Д.Ниязалиева Нарын шаарына иш-сапары менен келди. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Вице — премьер министр жумушчу иш сапарынын жүрүшүндɵ  КР Финансы министрлигинин дем берүүчү грантынын эсебинен Нарын шаарындагы №10 Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектебинде оӊдоп-түздɵɵ боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен жакындан таанышып, №18 «Ак Дил» балдар бакчасында болуп, элүү орундук балдар бакчасы салынуучу жер тилкесин кɵрдү. Ал эми балдар бакчасын курууга быйылкы жыл үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2 млн 400 миӊ сом, Ага Хан фондусу тарабынан 1 млн 600 миӊ, бардыгы 4 млн сом акча каражаты каралгандыгын жана долбоорлук сметалык иш-кагаздар иштелип, жалпы курулушка кетчү чыгымдар эсептелип бүтүп,  жакынкы күндɵрү тендер жарыяланаарын шаар мэри Р.Адиев билдирди.

Ошондой эле Д.Ниязалиева медициналык кызматкерлер менен жолугуп, облустук неврология бɵлүмүнүн имаратынын курулуш иштери менен таанышты. Анда 2009-жылы салынып башталган имараттын  учурда курулуш иштеринин негизги жумуштары аяктап, быйыл күз айларында ал толук пайдаланууга берилээри айтылды.

Белгилей кетсек, курулуш иштерине республикалык бюджеттен 62,7 млн сом бɵлүнүп берилген.

Добавить комментарий