ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТРДИН КАТЫШУУСУНДА БАК-ДАРАКТАРДЫН КѲЧѲТТѲРҮ ОТУРГУЗУЛДУ.

Бүгүн,  31-мартта Нарын шаарынын «64» аймагындагы Таабалды Пудовкин атындагы скверге жана Городок аймагындагы Жаштар скверине Кыргыз Республикасынын Вице-премьер–министри Дайыр Кенекеевдин катышуусунда карагайдын жана кайыӊдын кɵчɵттɵрү отургузулду.

Бак тигүү аземинде Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов реконструкцияланып жаткан Т. Пудовкин атындагы сквердин долбоору менен тааныштырды.

Белгилей кетсек, аталган аянтты реконструкциялоо Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесинин жана Ѳкмɵттүн «Таза жашоо» программасынын алкагында мерчемделген долбоорлордун бири. Шаардын кɵрктүүлүгүн арттыруу максатындагы бул долбоор  жергиликтүү бюджеттен бɵлүнгɵн 1 миллион 760 миӊ сом ɵлчɵмүндɵгү каражат менен жүзɵгɵ ашмакчы.

Бүгүн Вице-премьер-министрдин, жергиликтүү бийлик ɵкүлдɵрүнүн жана коомчулуктун катышуусунда долбоордун алгачкы кадамдары жасалып, аянтка жакшы тилек менен 26 түп карагайдын кɵчɵттɵрү отургузулду.

Нарын жергесине болгон иш сапарында «Торугарт» кɵзɵмɵл  пунктунун ифраструктурасы, Ат-Башы районундагы Соода логистикалык борбору, Ак-Талаа районундагы кɵйгɵйлүү кɵпүрɵнүн абалы менен таанышкан Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев «Таза жашоо» программасынын алкагындагы  ишембиликке катышып жатканына канааттанганын билдирип, бул иш чара калктуу конуштардын тазалыгын, кɵрктүүлүгүн гана камсыздабастан элди биримдикке, ынтымакка чакырган жакшы социалдык саамалык экенин баса белгиледи.

Ошондой эле «Таза жашоо» ураанынын алдындагы үч айлык акциянын жыйынтыгы менен алдыӊкы орундарды камсыздаган шаар, айыл-кыштактарга  акчалай сыйлык тапшырылаарын, бул үчүн Премьер-министрдин фондунан 10 миллион сом бɵлүнгɵнүн маалымдады.

Бул күнү Нарын шаарындагы парктарга, скверлерге «Тянь-Шань» карагайынын 91 түп, листвиницанын 20, кайыӊдын 20 түп кɵчɵттɵрү отургузулду.

Жашылдандыруу иши жума сайын улантыла бермекчи. Быйыл 53 миӊ түп бак-дарактардын кɵчɵттɵрүн отургузуу пландалууда.

Добавить комментарий