В. П. ЧКАЛОВ АТЫНДАГЫ МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯСЫНЫН СПОРТ ЗАЛЫ РЕМОНТТОЛУУДА.

Бүгүнкү күндɵ Нарын шаарындагы В. П. Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын спорт залына капиталдык ремонт жүргүзүлүүдɵ.

Бул иштерге сарпталуучу каражаттын жалпы суммасы 1 миллион 177 миӊ 212 сомду түзɵт. Анын ичинен 915 миӊ 952 сому республикалык бюджеттин түрткү берүүчү грантынан, ал эми 261 миӊ 260 сому жергиликтүү бюджеттен каржыланган.

Бɵлүнгɵн каражатка спорт залдын полу, терезелери толугу менен алмаштырылып, акталып-сырдалмакчы.

Учурда иш ыргагы талаптагыдай уланууда.

Добавить комментарий