В. П. ЧКАЛОВ МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯСЫНЫН ЖАМААТЫ ЛЕНИНГРАДДА

Нарын шаарындагы №2-В. П. Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын мугалимдер жана окуучулар жамааты 6-майдан 10-майга чейин Россия Федерациясынын Ленинград облусунда иш сапарында болуп кайтышты.

Кыргызстандан барган ɵкүлдɵрдү Ленинграддын Гатчина шаарындагы №9-мектептин жамааты күтүнүү менен тосуп алды.

Белгилей кетсек, аталган эки мектептин ортосунда «Российская газета» басылмасынын «Диалог культур» долбоору аркылуу достук байланышы түзүлүп, ɵткɵн жылы Гатчинанын №9-мектебинин мугалимдер жана окуучулар жамааты Нарын шаарына келип кетишкен эле.

Ленинградга болгон иш сапар эки мектептин, эки элдин ортосундагы достук байланышын бекемдɵɵ, окуучуларга интернационалисттик тарбия берүү максатын кɵздɵдү.

Топтун мүчɵлɵрү 9-май күнү Улуу Жеӊиш майрамына карата Нева проспектисинде ɵткɵрүлгɵн «Ѳлбɵс полктун» жүрүшүндɵ ардагер аталарынын жана чоӊ аталарынын сүрɵттɵрүн кɵтɵрүп басышты. Ошондой эле Гатчина шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жолугуп, концерттик программасын тартуулашты.

Кыргызстандан барган ɵкүлдɵр Ленинград облусунун вице-губернатору Сергей Перминовдун, Гатчина шаарынын Депутаттар Кеӊешинин тɵрагасы Виталий Филоненконун атайын кабыл алуусунда болушту. Жолугушуу учурунда В. П. Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын директору Айчүрɵк Самакова Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкуловдун Ыраазычылык катын Ленинград облусунун вице-губернатору Сергей Перминовго тапшырды.

Мындан сырткары Кыргызстандан баргандар Ленинграддагы тарыхый, маданий жайларга экскурссия жасашты. Иш сапардын маданий программасын «Российская газета» басылмасы каржылады.

Эки тараптуу сүйлɵшүүлɵргɵ ылайык, кийинки жылдан баштап В. П. Чкалов мектебинин 10 окуучусу Ленинградга жайкы лагерге жиберилгени калды.

Добавить комментарий