«Гарантиялык фонд» ААКу ишкерлерди колдойт

Нарын шаардык мэриясы жыл башынан бери Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтү тарабынан түзүлгɵн «Гарантиялык фонд» ачык акционердик коому менен биргелешип иш алып барууда.

2018-жылдын 2-февралында Нарын шаардык мэриясы менен «Гарантиялык фонд» ачык акционердик коомунун ортосунда «Бир район-бир ишкана» программасы боюнча келишимге кол коюлду.

Программанын максаты кичи жана орто ишкердикке насыя алуу үчүн күрɵɵлүк камсыздоого кепилдик берүү  болуп саналат.

Белгилей кетсек, «Гарантиялык фонд» ААКу 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтү тарабынан түзүлгɵн.

«Гарантиялык фонд» ачык акционердик коомунун негизги максаты ишкердүүлүктү ɵркүндɵтүү болгондуктан, ɵлкɵбүздɵгү кичи жана орто ишкердик менен алектенген ишкерлерге негизги каражаттарды сатып алууга жана жүгүртүлүүчү каражаттарды толуктоого кепилдик берет.

Гарантия жеке ишкерлерге жана рынокто 6 айдан кем эмес тажрыйбасы бар компанияларга берилет.

Кредиттин суммасынын 50 пайызына чейин камсыз кылат жана гарантиянын максималдуу суммасы 7 миллион сомго чектелген.

Берилген гарантия үчүн 2,5 % ɵлчɵмүндɵ бир жолку комиссия алынат.

Бүгүнкү күндɵ Нарын шаарынан «Гарантиялык фонд» аркылуу Россия-Кыргызстан ɵнүктүрүү Фондуна үч долбоор сунушталган. Алар: ЖЧК «Арашан» минералдык газдалган суу чыгаруу ишканасын реконструкциялоо; «Шамшы-Ата» сүттү кайра иштетүү цехин кеӊейтүү; ЖЧК «Нарын-Эт» эт азыктарын чыгаруу ишканасын реконструкциялоо долбоорлору.

«Гарантиялык фонд» аркылуу насыя алууну каалаган ишкерлер Нарын шаардык мэриясына же «Гарантиялык фонд» ААКунун аймактагы ɵкүлүнɵ (Камчыбек Чукуев, обл. администрация, 2-этаж, 14-кабинет) кайрылып, маалымат алышса болот.

 

 

Добавить комментарий