ГЕПАТИТ ИЛДЕТИН АНЫКТОО, ДАРЫЛОО БОЮНЧА КАЙРЫМДУУЛУК МАРАФОНУ ѲТКѲРҮЛѲТ!!!

Урматтуу Нарын шаарынын тургундары жана меймандары!!!

Үстүбүздɵгү жылдын 26-июлунда Нарын шаарындагы Ж. Шералиев атындагы искусство мектебинин имаратында гепатит оорусунун В жана С түрлɵрүн аныктоо боюнча кайрымдуулук марафону ɵткɵрүлɵт.

Кыргызстандын инфекционисттер жана гепатологдор коому тарабынан уюштурулган бул иш чара 8. 30дан 13. 00гɵ чейин улантылат.

Марафонго катышып инфекциялык оорулар жана гепотология боюнча доценттердин жана профессорлордун кеӊештерин угуп, боор илдеттерин аныктоочу ФИБ-РОСКАН аппаратына түшүп, гепатит оорусунун В жана С түрлɵрү боюнча кандын анализин тапшырсаӊыздар болот.
Аппаратка түшүү акысы 500 сом. Ал эми кандын анализи акысыз алынат.

Маалымат үчүн айта кетсек, Кыргыз Республикасы кан аркылуу жуга турган вирустуу гепатит (В, С, Д) оорулары кеӊири жайылган ɵлкɵ болуп саналат. Миӊдеген адамдар эчак эле бул вирусту жугузуп алганын билбей жүрɵ берип, медициналык жардамга кеч кайрылып калышат. Биздин ɵлкɵдɵ жыл сайын кан менен жуккан гепатит оорусунун 400-500 жаӊы учуру катталса, ɵнɵкɵт гепатит оорусу менен ооругандардын саны 51500гɵ жеткен.

Болгону 4-5 инфекционист дарыгер эмгектенип, гепатолог дарыгери жок Нарын облусунда бул жагынан алганда абал оор. Ѳлкɵнүн түштүк регионунда гепатит оорусунун вирусун аныктай турган ондогон менчик лабораториялар болсо, Нарында ооруну толук аныктаган бир да лаборатория жана медициналык аппараттар жок.

Белгилүү болгондой, Саламаттыкты сактоо министрлигинде гепатит вирусун толук кандуу лабораториялык изилдɵɵгɵ жана акысыз дарылоого мүмкүнчүлүк аз.

Ошол себептен Кыргызстандын инфекционисттер жана гепатологдор коому ушундай кайрымдуулук иш чараларын жүргүзүп, дартты эрте аныктоо боюнча калктын маалымдуулугун арттыруу, гепатиттин А жана В түрлɵрүнɵ каршы вакцинациялоо, оорулууларга кеп-кеӊештерди берүү, дарыгерлерди окутуу иштерин натыйжалуу жүргүзүп келишет.

Андыктан мүмкүнчүлүктү туура пайдаланып, жергебизге келген күчтүү дарыгерлерден кеӊеш алуудан эринбеӊиздер!!!

Добавить комментарий