ГЕРМАНИЯНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ НАРЫН ШААРЫНДА

Бүгүн, 17-майда Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов Германиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси  Моника Иверсен айым баштаган делегация мүчɵлɵрүн иш бɵлмɵсүндɵ кабыл алды.  

Жолугушуу ɵз ара түшүнүшүү кырдаалында, жылуу маанайда ɵтүп, алгач шаар мэри Э. Алымкулов келген меймандарга Нарын шаары тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле Германия элчилиги менен болгон байланыштар жемиштүү улантылып келе жаткандыгына токтолуп, Герман техникалык борбору (ГТЦ) аркылуу кызматташуунун негизинде бир катар долбоорлор ишке ашып, 2017-жылы 15 долбоор колдоо тапканын жана мындай долбоорлорду улантуу зарылдыгын айтты.

Германия элчилиги колдоого алган «Культуркафэ» жаштарды тейлɵɵ жайы мыкты экономикалык долбоор болгонун билдирди. Ошондой эле Нарын шаарындагы В. П. Чкалов атындагы орто мектебинде немец тилин окутууга олуттуу кɵӊүл бурулуп, атайын долбоорлор менен биздин окуучулар жана мугалимдер Германияга барып тажрыйба алмашып турушаарын сыймыктануу менен белгиледи.

Мындан сырткары шаар мэри ɵзү да Германияда болгонун айтып, биздикиндей чакан шаарларынын муниципалдык тажрыйбалары менен бɵлүшүү, тажрыйба алмашуу боюнча кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

Муну менен катар туризм багытындагы «Кыргыз шырдагы», «Нукура» фестивалдары тууралуу маалымат берип, бул жагынан герман ишкерлери менен кызматташууга даяр экендигибизди маалымдап, Моника Иверсен айымды күзүндɵ ɵткɵрүлүүчү Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесине чакырды.

Ѳз кезегинде Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсен айым бул жерде абдан жылуу кабыл алышкандыгы үчүн ыраазылык билдирүү менен Нарын жергесинин жаратылышынын ɵзгɵчɵ кооздугуна суктанганын жашырбады. Ошондой эле немец туристтери тоолорду жакшы кɵрүшɵɵрүн билдирип, туризм тармагында мүмкүнчүлүктɵр арбын экендигин айтты.

Муну менен катар Германияда нукура продукцияларга кызыгуу чоӊ экендигин белгилɵɵ менен бул тармакты туруктуу ɵнүктүрүүгɵ ɵнɵктɵш мамиле зарылдыгын жана бул үчүн мүмкүнчүлүктɵрдү карап кɵрүү керектигин билдирди.

Моника айым баарлашуу учурунда Нарын шаарында  социалдык кандай кɵйгɵйлɵр бар экенине кызыкты.

Бул боюнча Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова маалымат берип, бийик тоолуу регион болгондуктан биринчи кезекте калктын ден соолугу, айрыкча жүрɵк-кан тамыр оорулары басымдуу экенин, дарыгерлердин, медициналык жабдуулардын жетишсиздигин, мындан сырткары Нарын шаарында кинотеатр жоктугу кɵйгɵйлɵрдɵн экенин билдирди.

Германиянын элчиси элчиликте чакан долбоорлорду колдой турган бюджети бар экендигин айтып, жогорудагы маселелер эске алынаарын белгиледи. Ошондой эле бул жерде дагы эки күн  болуп, социалдык обьектилер менен жакындан таанышаарына токтолуп, бул биринчи иш сапары болгондуктан кызматташуу дагы улантылаарына ишеними зор экендигин билдирди.

 

 

 

 

.

 

 

Добавить комментарий