ГИС технологиясын колдонуу менен Нарын шаарынын биргелешкен пландаштыруусун жогорулатуу

Программаны ишке ашырууну Канада Є кмөтүнүнТышкы иштер, соода жана өнүгүү» департаменти жана Ага Хан Фонду каржыл айт.

Муктаждыктын себеби

Элге кызмат көрсөтүү, алардын ичинде таза суу жана тазалык менен камсыз кылуу негизинен жергиликтүү бийликтин милдети болуп саналат. Тилекке каршы, Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында  аталган кызматтардын жеткиликтүүлүгү,

сапаты жана талапка жооп берүү деңгээли жетишсиз бойдон калып жатат. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен финансылык каражаттар  дээрлик олуттуу бөлүнүп жатсада, жалпы өлкөдө, анын ичинде кичи шаарларда мындай кызматтардын толук кандуу иштөөсүнө жетүү шаар тургундары үчүн, айрыкча кембагал жана аярлуу катмардын өкүлдөрүнө, алыстан эңсеген үмүт катары сезилет. Мындай көйгөйдүн бирден-бир с ебеби болуп муниципалдык мекемелердин иштөөсүндө ачыктык жана жоопкерчиликтин жетишсиздиги, ал эми жергиликтүү жарандык коомдун мындай иштерге жана чечим чыгарууларга жетишээрлик деңгээлде ара лашпай жаткандыгы саналат.

Долбоордун  таржымакалы

Долбоордун максаты  – жергиликтүү жарандык коом мүчөлөрүнүн жөндөмдүүлүгүн жана билимин жогорулатуу менен алардын муниципалдык мекемелер менен тыгыз жана өнөктөш болуп иштөөсүнө көмөк көрсөтүү. Долбоордун алкагында таза суу жана тазалык кызматтардын ишин жакшыртуу үчүн  Геоинформациялык система (ГИС) сунушт алат, ал жергиликтүү тургундарга аталган кызматтардын сапатына элдик көзөмөл жүргүзүүгө да мүмкүнчүлүк берет.

Долбоордун аты Жарандык коом демилге син колдоо (SCSI) – II-фаза, Инновация Аткаруучулар «Кыргызст андын тоолуу аймакт арындагы жамаатт арды колдоо программасы» коомдук фонду (MSDSP KG), “Профе ссиона лдык жана үзгүлтүксүз билим берүү” мектеби (SPCE)

Доолбоор ишке ашырылган аймак

Доолбордун мѳѳнѳтү

Нарын шаары, Кыргыз Ре спубликасы

01/04/2014 – 31/03/2017

Жа лпы бюджет 300,000 Канада доллары Бенефициарлар Нарын шаарынын тургундары:

Эркек: 18,126 Аял: 18,921

Ѳнѳктѳштѳр

  • Нарын шаарынын мэриясы;
  • Муниципа лдык ишкана лар;
  • Нарын шаарынын Координациялык кенеши;
  • Жарандык мониторинг тобу;
  • Жергиликтүү жарандык коом

(Ѳ ЭУдар жана Батир менчик ээлеринин шериктиктери).

Өкмөттүк Стратегия менен долбоордун байланышы  Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз а лдынча башкарууну өнүктүрүү Программасы (2013-2017) ачык-

айкындыктын денгээлин, маалымат алмашуунун, ЖОАБ тарабынан көрсөтүлүп жаткан кызматт ардын сапатын жогорулатууда электрондук башкаруунун технологиясын киргизүүнү максат койгон. Бул максатты аткарууга көмөк көрсөтүү үчүн Ага Хан Фонду

таза суу менен камсыз кылуу жана турмуш-тиричилик калдыкт ары менен иштөө боюнча Нарын шаардык муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүн олуттуу башкаруу, жарандык мониторинг кылуу максатында ГИС интерактивдүү картасын түзүү демилгесин ишке ашырат.

АГА ХАН Ф ОНД У (КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ)

Геоинформациялык система (ГИС)

Геоинформациялык система (ГИС) тийиштүү объектилер жөнүндө маалыматты чогултат, сактайт, талдайт жана графикалык түрдө сүрөттөйт. Бул — жердин санариптик картасын издөө, талдоо жана редакциялоо үчүн инструмент. Аталган система муниципалдык ишканалардын кызматкерлерине маалыматтык базадан каалаган объект тууралуу керектүү маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Мисалы: суу кудуктары, насостук станциялар, гидранттар, суу түтүктөрү ж.б. Дүйнөлүк тажрыйбада мындай жалпылаштырган

маалыматтык база муниципалдык жана жергиликтүү бийлик кызматкерлерине өз ишин эффективдүү пландаштырууга, элге жакшы кызмат көрсөтүүгө көмөк көрсөтөт, ал эми жергиликтүү тургундар интерактивдүү картаны пайдаланып муниципалдык кызматт ардын сапатына элдик көзөмөл жүргүзө алышат.

 Күтүлүүчү жыйынтыктар

  1. Жергиликтүү жарандык коомдун өкүлдөрү шаардык муниципа лдык ишкана лар менен конструктивдүү диалог жүргүзүү үчүн өздөрүнүн институционалдык жана жеке жөндөмдүүлүгүн өркүндөтөт.

Борбордук Азия Университетинин (БАУ) “Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү” мектеби Нарын шаарында активдүү ишмердүүлүктү жүргүзүп жаткан өкмөттүк эмес уюмдардын арасында окууга болгон муктаждыктарды баалоо боюнча сурамжылоо жүргүзгөн. Сурамжылоонун жыйынтыгына таянып, БАУ жарандык коомдун өкүлдөрүнө окуу курсун иштеп чыккан жана алар негизинен эки чоң курстун программасын камтыйт:

1) Жергиликтүү экономикалык жана жамааттык өнүгүү; 2) Чакан бизнести башкаруу.

Долбоордун алкагында БАУ жарандык коомдун жана муниципалдык ишканалардын 40 өкүлүнө суу ресурстарын башкаруу, муниципалдык менчикти башкаруу, жергиликтүү экономикалык өнүгүү, жеке ишкердүүлүк, стратегиялык пландаштыруу жана компьютердик курстарды сунуштайт. Окуу курстары Нарын шаарында “Профессиона лдык жана үзгүлтүксүз билим берүү” мектебинин имаратында жүргүзүлөт.

  1.  Нарын шаарында т аза суу жана таштандыларды чыгаруу абалы жакшырат.

2010-жылы MSDSP KG Коомдук Фонду Нарын шаарында Координациялык кеңешти түзүү демилгесин көтөрүп, анын курамына мамлекеттик жана муниципалдык ишкана лардын жетекчилерин, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрүн катыштырып, шаардын көйгөйлүү маселелерин, алардын катарында таза суу жана таштандылар маселесин жакшыртуу максатында жылдык планды иштеп чыгарууну жана аны аткарууда жарандык көзөмөл ишин баштап келген. Берилген долбоордун алкагында Координациялык кеңештин ишмердүүлүгүнө жана олуттуу чечим чыгарууларда инновациялык технологияларды колдонууну, б.а. геоинформациялык системаны сунуштайт.  Долбоордун жүрүшүндө MSDSP KG Коомдук Фонду Координациялык кеңештин отурумдарын өткөрүүгө,  таза суу жана таштандылар маселесине таянган пландарды иштеп чыгууга көмөк көрсөтөт. Мындай пландар иштелип чыккан соң, шаардык кеңештин талкуусуна сунушталат да, эң көйгөйлүү деп саналган маселелерди бирдиктүү чечүүгө жана инновациялык тажрыйбаны колдонуу максатында саналуу төрт кыска мөөнөттүү долбоорду колдоо үчүн чакан гранттык каражаттар конкурстук шарттын негизинде берилет.

Ага Хан Фонду Бишкек, Кыргыз Республикасы Tel: +996 312 62 19 12

Михаил Романюк / UCA

Добавить комментарий