ГОРОДОК АЙМАГЫНДАГЫ КООПТУУ ЖОЛ КЕСИЛИШТЕРИНЕ СВЕТОФОРЛОР КОЮЛДУ

Нарын шаарынын Городок аймагындагы Ленин- С.Орозбаков жана М. Исаков көчөлөрүнүн кесилишине заманбап светофорлор орнотулуп, учурда монтаждоо иштери жүрүп жатат.

 

Шаарыбыздын борбордук көчөсүндөгү коопту жол кесилиштерине светофор орнотуу үчүн Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен  789 миң 550 сом жумшалды.

 

Бул аймакта жол кырсыктары көп катталып жөө жүргүнчүлөр үчүн кооптуу болуп, жашоочулар светофор коюуну белгилеп келишкен. Мындай кооптуулукту эске алуу менен Таза Нарын ишканасы тарабынан  заманбап жол чырактарды орнотуу менен кошо тийиштүү жол белгилерди орнотуп, жөө адамдар өткөөлүн да жаңыртуу иштери жүрүп жатат.

Бүгүнкү күну Нарын шаарынын борбордук көчөсүндөгү жөө адамдар өткөөлдөрү жаңыртылып чийилип, жол белгилери коюлууда.

 

 

 

 

Добавить комментарий