ДЕН СООЛУГУНАН МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН БАЛДАРГА  ТАТТУУ БЕЛЕКТЕР ТАРАТЫЛДЫ

Нарын шаардык мэриясы 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бөбөктөрдү үйлөрүндө майрамдатып, таттуу толгон баштыктарды тапшырды.

Белектерди вице-мэр Назира Жумакадырова социалдык коргоо кызматкерлери жана жомок  каармандары менен биргеликте үйлөрүнө жеткирип берүүнү уюштурган. Мындай белектерден 42 даана даярдалган.  Бул үчүн шаардык бюджеттен 21 миң сом бөлүнгөн.

Мындан сырткары көп балалуу үй бүлөлөрдөн 25 балага да атайын белек катары даярдалган окуу куралдары тапшырылып, майрамдык маанай тартууланды.

 

Добавить комментарий