«Ден соолук жарманкеси» сергек жашоону жана ынтымакты даӊазалады.

Жакында Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинде «Ден соолук жарманкеси» деп аталган маданий-массалык иш чара ɵткɵрүлдү.

Нарын шаарынын жашоочуларын жана Борбордук Азия университетинин студенттери менен кызматкерлерин сергек жашоого жана ɵз ара ынтымакка үндɵгɵн бул иш чара аталган окуу жайдын студенттери тарабынан демилгеленип,  Кыска мөөнөттөгү кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин, Ага Хан Кызматынын “Ден соолук” диагностикалык борборунун, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын, мекеме-уюмдардын, ишкерлердин колдоосу менен жүзɵгɵ ашты.

Жарманкеде “Ден соолук жана медицина”, “Ден соолукка пайдалуу тамактануу”, “Ден соолук жана сулуулук”, “Сүрөт жана көркөм өнөр”,  “Спорт” секциялары боюнча кызыктуу жана пайдалуу иш чаралар камтылды.

Маданий иш чараны  БАУнун Табигый жана гуманитардык илимдер мектебинин деканы Диана Пауна айым ачып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова, БАУнун “Студенттик турмуш” бөлүмүнүн башчысы Эрик Краусс жана башкалар куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Жарманкеде аз кандуулуктун жана мите курт ооруларынын алдын алуу, спорт менен машыгуудагы туура тамактануу эрежелери боюнча адистер тарабынан маалымат берилип, алгачкы медициналык жардам кɵрсɵтүү боюнча мастер-класс кɵрсɵтүлдү.

Кыргыздын “аркан тартыш”, “тогуз коргоол”, “топ таш” сыяктуу улуттук оюндары жана шахмат турнири жарманкенин кɵркүн ачты.

Иш чарага памирлик боордошторубуз да активдүү катышып, созолонтуп ырдап беришти.

Ал эми Нарын мамлекеттик университетинин студенттери  менен Нарын облустук Балдардын билим берүү борборунун таланттуу балдары тарткан “Сергек жашоо жана биз” аталышындагы сүрɵт көргөзмɵдө 100 дөн ашык сүрөттөрдүн арасынан 5 мыкты сүрөт тандалып алынып жаш сүрөтчүлөргө чакан белектер ыйгарылды.

Ошондой эле жарманкеге катышуучулар арасында лотерея ойнотулуп 5 адам символикалуу белектерди утуп алышты.

Соода-сатык жарманкесинде “Халал стандарты” сертификатына ээ болгон тамак-аштар жана  “Нарын Сити” соода борборунун азык-түлүктɵрү сатыкка чыгарылды.

“Идеал” сулуулук салону кызматкерлери мастер-класстарды  тартуулап, сулуулук менен сергек жашоонун айкалышын даңазалашты.

Ошондой эле Борбордук Азия университетинин студенттери тарабына уюштурулган оюн-зоок программасы чогулгандардын көңүлүн улуттук жана чет-элдик бийлер менен кɵтɵрдү.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий