«Ден соолук кербени» Нарын шаарынан башталды

22-ноябрда, 1-декабрь СПИДке каршы күрɵшүү күнүнɵ карата иш чаралардын алгачкысы — «Ден соолук кербени» аталыштагы акция Нарын шаарынан башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Медициналык кызмат кɵрсɵтүүчү унаалардан турган кербен, СПИД оорусуна каршыбыз деген чакырык менен, борбордук аянттан старт алып, №1 Токтогул атындагы орто мектепке чейин жүрүшүн улантты.

Акциянын калган бɵлүгү аталган мектептин жыйындар залында улантылып, тиешелүү медкызматкерлер тарабынан айыкпас илдет туурасында шаардагы мектептердин жогорку класстардын окуучуларына, мугалимдерге кеӊири маалымат берилип, оорунун кесепеттери, аны алдын алуу жана бул дарт менен күрɵшүүнү чагылдырган видеотасма тартууланды.

Иш чаранын соӊунда «Ден соолук кербенинин» кезеги Нарын районуна тапшырылып, акция ɵзүнүн жүрүшүн Эмгекчил айылына улантты.

Белгилей кетсек, унаакербени Нарын облусунун бардык райондорун СПИДке каршы урааны менен кыдырып чыгат.

Ал эми аталган иш чара Нарын шаардык мэриясы жана облустук СПИДке каршы күрɵшүү борбору тарабынан уюштурулуп, алдыда жарыяланган бир айлыктын алкагында, 1-декабрга багытталган иш чаралардын  кɵбү ɵткɵрүлɵт.

Добавить комментарий