ДЕН СООЛУК КҮНҮНѲ КАРАТА СПОРТТУК ЖАНА МЕДИЦИНАЛЫК ИШ ЧАРАЛАР ѲТКѲРҮЛДҮ.

Бүгүн, 7-апрелде Нарын шаарында Бүткүл Дүйнɵлүк Ден соолук күнүнɵ карата спорттук жана медициналык иш чаралар ɵткɵрүлдү.

Т. Усубалиев атындагы борбордук аянтта калкты акысыз медициналык тейлɵɵ акциясы ɵткɵрүлүп, саламаттыкты сактоо кызматкерлери шаар тургундарынын кан басымын, канындагы канттын ɵлчɵмүн текшерип, кеп-кеӊештерди беришти. Ошондой эле акысыз флюрографиялык текшерүү жүргүзүлдү.

Мындан сырткары калкты сергек жашоого үндɵɵ максатында айымдар жана мырзалар арасында чуркоо, аркан тартыш, чоюн кɵтɵрүү, кол күрɵш боюнча спорттук мелдештер уюштурулуп, жеӊүүчүлɵр сыйланды.

Добавить комментарий