ДЗЮДО КҮРӨШҮ БОЮНЧА ӨСПҮРҮМДӨРДҮН МЕЛДЕШИ ӨТҮҮДӨ

Нарын шаардык балдар өспүрүмдөрдүн спорт мектебинин дзюдо күрөшү боюнча ачык биринчилиги №8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектептин спорт залында өтүүдө. Мелдешке облус аймагынан келген 100 гө чукул өспүрүм балдар катышууда.Мелдешке катышууга Нарын шаарынан сырткары Ат Башы жана Жумгал райондорунан да балдар келишкен. Алар 10 салмак категория менен күч сынашышат. Жеңүүчүлөр медаль жана дипломдор менен сыйланышат.Спорттук иш чаранын ачылыш аземина катышкан вице-мэр Назира Жумакадырова спорт ден соолуктун булагы экендигин белгилеп, өспүрүмдөргө ийгилик каалады.

Добавить комментарий