Европалык өнүктүрүү жана реабилитациялоо банкынын адистери Нарын шаарын таза суу менен камсыздоого багытталган 6,2 млн евролук долбоор менен иштеп баштады

Бүгүн 26-августта Нарын шаарынын мэри Р.Адиев Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын атайын тобунун өкүлдөрүн ɵзүнүн иш бɵлмɵсүндɵ кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын Өкмөтү менен аталган банктын «Нарын шаарын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реаблитациялоо» долбоору талкууланды.

Тараптар бул долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн эң алгачкы олтурум өткөрүлүп жаткандыгын, биргелешкен байкоочу кеңешти түзүү, шаардын таза суу системаларын эки багыттагы топ аркылуу изилдеп чыгуу зарылдыгын белгилешти.

2 жылга эсептелген долбоордун жалпы наркы 6,2 млн евро деп бааланган жана анын 4,2 млн евросу грант, калган акча каражат насыя түрүндө бөлүнүүдө. Гранттын 1 млн евросу техникалык жабдуу түрүндө берилет.

Ошондой эле бул күнү Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын адистери «Нарын суу канал» ишканасынын жетекчилери жана адистери менен алгачкы таанышуу жумуштарын баштады. Кийинки аракеттер аталган ишкананын ишмердүүлүгүн толук анализдɵɵ менен калкка кɵрсɵтүлүп жаткан кызматтын сапатын жогорулатууга, ишкананын ишмердүүлүгүн күчɵтүүгɵ багытталат.

Маалымат үчүн айтсак, «Нарын суу канал» ишканасы шаардын суу менен жабдуусун, агынды сууларды кабыл алуу жана тазалоону ишке ашырат. Нарын шаарынын ичүүчү суу менен камсыз болуусу, кубаттуулугу 7,26 миӊ куб болгон Ак-Бечел, Чыгыш жана Батыш үч башкы суу алгыч аркылуу ишке ашат. Нарын шаарынын суу түтүктɵр тутумунун жалпы узундугу (аралыгы) 103,63 чакырымды түзɵт.

Добавить комментарий