ЖААГАН ЖАМГЫРДАН УЛАМ АК КОРГОН АЙМАГЫНДА СЕЛ ЖҮРҮП, АБАЛДЫ ЖӨНГӨ САЛУУ АРАКЕТТЕРИ КӨРҮЛҮҮДӨ

Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков жана Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев тийиштүү кызматтар менен бирге селден жабыркаган жашоочулар менен жолугушуп жаз-жай мезгилиндеги сел каптоо коркунучтарын жөнгө салуунун жол жоболорун талкуулашты.Нарын шаарынын Ак коргон аймагында кечөө, 5-август кечинде жааган жамгырдан улам сел жүрүп, тоодон түшкөн суу Тамчы Булак жана Октябрь 60 көчөлөрүн каптап, айрым турак жайларды да жабыркаткан.Шаар башчысы өз учурунда жергиликтүү жашоочулардан кабар алып, тийиштүү коопсуздук чаралары көрүлгөн.Бүгүн, 6-август селден келтирилген чыгымдар жана жабыр тарткандардын абалдарынжана келтирилген чыгымдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.Жергиликтүү жашоочулардын жыл сайын суу каптоо коркунучу бар аймактагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн Чоң Нарын каналын талаптагыдай тазалоо жана кеңейтүү, көпүрөөлөрдү бийиктетүү, тоодон түшкөн сууну тосуучу дамбаны талаптагыдай жасоо сунуштарын уккан шаардык жарандык коргонуу комиссиясынын төрагасы, Нарын шаарынын мэри С. Болотбеков тийиштүү иш аракеттер аткарылаарын билдирди.Учурда социалдык коргоо кызматы да аймакта иш алып барып үймө-үй кыдыруу менен жабыр тарткандардан кабар алышууда.

Добавить комментарий