Нооруз майрамына арналган маданий-массалык иш чара шаардагы №1 Т.Сатылганов атындагы орто мектебинде да ɵзгɵчɵ шаӊ менен белгиленди.
Илгертен кыргыздын турак — жайы болуп келген, элибиздин улуттук мүлкү- боз үй тигилип, Умай эне аластап, баба дыйкан үрɵн себип, Бакай ата батасын берди.
Бул майрамды уюштурган мектептин 11-классынын окуучулары келген меймандарга, мугалимдерге, окуучуларга ыр-бийлерин, улуттук оюндарды, кыргыздын мейман достугун чагылдырган сценка жана Нооруз күнү дасторконго коюлуучу тамак-аштардын кɵргɵзмɵсүн тартуулап, кыргыздын улуттук даамдарынын саны арбын экенин кɵрсɵтɵ алышты.
Иш чарага Нарын шаардык мэриясынын, билим берүү бɵлүмүнүн ɵкүлдɵрү катышышты