Жаз менен кошо кирип келген Аялдардын Эл аралык майрамы менен Нарын шаарындагы айымдарды шаар мэри Э.Алымкулов куттуктады

8-март Аялдардын Эл аралык күнүнɵ карата Нарын шаарында майрамдык кече уюштурулуп, жаз менен кошо кирип келген  майрамы менен  Нарын шаарындагы  айымдарды  шаар мэри Э.Алымкулов куттуктады.  Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Майрамдык иш чара шаардагы “Хан-Тенгри” ресторанында белгиленип, ага баатыр-энелер, эмгектин ардагерлери, жетекчи, депутат, ишкер  жана башка кызматы менен  таанылган 250 айымдар чакырылган.

Кеченин жүрүшүндɵ куттуктоолор, каалоо-тилектер айтылып, атайын даярдалган баалуу белектер, гүлдɵр тапшырылды.

Ошондой эле атайын асылзаада айымдардын урматына Кыргыз Республикасынын Эмгек синирген артисти Сыймык Бейшекеев жагымдуу ырларын аткарып, майрамдык маанай тартуулады.

Майрамды уюштуруп, өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 225 миӊ сом акча каражаты бɵлүнгөн.

Добавить комментарий