Жайлоо шартындагы балдар бакчалары кɵбɵйүүдɵ

 

Кечээ 7-июлда, Нарын шаарында дагы бир «Жайлоо бала бакчасы» ачылып, анын кызыл тасмасын кесүү аземи болуп ɵттү. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Үч жылдан бери «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондусунун мектепке чейинки билим берүү долбоорлорунун бири болгон жайлоо шартындагы бала бакчалар  Нарын облусунда  2012-жылдан тартып ишке ашырылып келүүдɵ.

Бул максатта шаардын №18 «Ак Дил» балдар  бакчасы,  мэрия жана шаардык Кеӊеш тарабынан 1-июнь балдардын майрамына карата белекке берилген боз үйдү, Сейил-Булак аймагына тигип, 3 сааттык программа менен ошол айланада жашаган  2 жаштан 7 жашка чейинки 20 баланы «Ырыс» аталыштагы балдар бакчасына кабыл алышып, тарбия беришүүдɵ. Эӊ оболу ал балдар буга чейин бири да бала бакчага барган эмес , ата-энелер бул демилгени колдошоорун жана биринчи класска барчу балдарга жакшы даярдык болоорун белгилешти.

Иш чарага шаардык Кеӊештин тɵрагасы Э.Турсуналиев, 1-вице-мэр А.Суранов, депутаттар, ата-энелер, жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка чакырылгандар катышышты.

Ѳз кезегинде балдар эки күн аралыгында жаттап алган ырларын аткарып, кара жорго бийин катыра бийлеп, меймандарга кɵӊүлдүү маанай тартуулашты.

Ошондой эле Нарын шаардык мэриясы тарабынан балдарга таттуулар жана оюнчуктар тапшырылып, ал эми депутат айым Ырыс Ибраимова тарабынан балдар бакчасы шефтикке алынып, боз үйдүн ички жасалгасын жасоодо кɵмɵк кɵрсɵтүлүп, оюнчуктар белек кылынды.

Белгилей кетсек, быйыл үчүнчү ирээт №15 «Бактылуу балалык» балдар бакчасы, жайлоо шартында «Долон» ашуусунда ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдѳ.

Добавить комментарий