ЖАЙМА БАЗАР СООДАГЕРЛЕРИ ҮЧҮН СООДА ТҮЙҮНДӨРҮНӨН АРЗАНДАТЫЛГАН БОШ ОРУНДАР СУНУШТАЛЫП, 10 КҮНДҮК УБАКЫТ БЕРИЛДИ

Нарын шаарындагы борбордук базардын айланасындагы жайма базар ээлери менен Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков тийиштүү кызматкерлер менен бирге жолукту. Жолугушууда Шуллер көчөсүндөгү театр жана Т. Сатылганов атындагы орто мектептин айланасына ирээтсиз жайгашкан соодагерлерге базардын ичиндеги 7 соода түйүнүнөн 86 бош орун арзандатылган шартта сунушталып, көчүп кирүү боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү.Ошол эле учурда соодагерлердин башка жер сунуштоо боюнча да сунуштары кабыл алынып, 10 күн ичинде мыйзамсыз соода кылып жаткан жерлерди бошотуу белгиленип, жыйналбаса мажбурлоо жолу менен жыйналып алынаары эскертилди.Ошондой эле, мэр С. Болотбеков Шуллер көчөсүндөгү такси айдоочулары менен да жолугушуп, өз ара ирээтке келүү менен иш алып баруу тапшырылып, алар жайгашкан жерди өз тартибинде башкаруу үчүн аукционго коюулаарын жана тартипке баш ийбеген, мыйзамсыз токтотулган унааларды эвакуатор менен айып короосуна токтотуу жакынкы күндөрү ишке ашырылаары боюнча маалыматтар берилди.Жайма базарды жана мыйзамсыз токтогон унааларды тартипке келтирүү үчүн “ Акылдуу шаар” долбоорунун алкагындагы видео байкоолорду орнотуу ишери да пландалууда.

Добавить комментарий