Жакында «Талантка кɵрɵӊгɵ-элдик ɵнɵрдɵ» ыр кесе кароо-сынагынын жеӊүүчүлɵрү аныкталат

 

Кечээ 23-майда, «Мамлекеттүүлүктү бекемдɵɵ жылына», Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеӊешинин уюшулгандыгынын 10 жылдыгына карата, шаардык мекемелер арасында ɵткɵрүлүп келген «Талантка кɵрɵӊгɵ-элдик ɵнɵрдɵ» аттуу ыр кесе кароо-сынагы жыйынтыкталды.

Февраль айынан бери созулган ыр кесе, ар бир аптанын жума күнү элдин назарына тартууланып келди. Бул ирээт бир топко биригип сынакка чыккан шаардык салык инспекциясы, казына, каржы бɵлүмдɵрү жана электр тармактар ишканасынын кызматкерлери, кароонун акыркыларынан болуп, ɵз ɵнɵрлɵрүн кɵрсɵтүшүп, жобого ылайык тапшырмаларды аткарышты.

Шаар жетекчилиги жогоруда аталган мекемелердин эмгек жамааттарына ыр кесеге активдүү катышып бергендиги үчүн ыраазычылык билдирип, мындай салтка айланган маданий-массалык иш чаралар улана берээрин белгиледи жана жеӊүүчүлɵр атайын түзүлгɵн комиссия тарабынан аныкталып, алар жакында ɵтɵ турчу «гала концертте» аталып, баалуу сыйлыктар тапшырылаарын эскертти.

Добавить комментарий