Жамгырдын жааганына карабастан шаар тургундары ишембиликке активдүү катышышты

Нарын шаарын  тазалоо, таштандылардан арылтуу жана ирээтке келтирүү иштери улантылууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Бүгүнкү жалпы республикалык жана Нарын шаарында жарыяланган эки айлык ишембиликтин алкагында мекеме, ишканалардын кызматкерлери саат 9-00 дан баштап жамгырдын жааганына карабастан бөлүнгөн тилкелерде ишембилик жүргүзүп, ал эми соода-сатык түйүндөрүнүн ээлери айлана-тегерегин ирээтке келтирип, арыктарды тазалашты.

Мындан сырткары сейил бактарды тазалоо, эстеликтерди оңдоп-түздөө, куураган бактарды кыркуу, бутоо иштери да массалык түрдө жүргүзүлүүдө. Ал эми шаар жашоочуулары да четте турбастан, уюшкандыкта турак-үйлөрдүн айланасын тазалоо жумуштарына активдүү салым кошушту.

 

Добавить комментарий