ЖАРЫКТАНДЫРУУ ЖУМУШТАРЫ УЛАНУУДА

 

Нарын шаардык мэриясынын алдындагы «Таза Нарын»  муниципалдык ишканасы  жыл ичине пландалган түнкү жарыктандыруу иштерин улантууда.  Шаардын четки аймактарын жарыктандыруу үчүн шаардык бюджеттен 1 млн 102 миң сом каралып жарыктандырууга керектүү жабдуулары сатылып алынган.

Жарыктандыруунун алкагында, Ленин көчөсүндөгү драм театрдан баштап Военкомат аймагына чейинки жолдогу троллейбустун түркүктөрүнө диодтук жарык берүүчү чырактар илинди. Төш Булак аймагы жарыктандырылат жана Москва чөлкөмүндөгү Разаков көчөсүндөгү үйлөрдүн алдыларына түнкү чырактар коюлат.

Нарын дарыясындагы 2 асма көпүрөөгө жарык жана кооздук берүүчү лапмаларды илүү, 64 аймагынан РТС аймагындагы Аска мейманкасына чейинки Нарын дарыясынын боюндагы жолду  жарыктандыруу иштери жүргүзүлөт. Бул жарыктандыруу ишинде электр зымдар тартылуучу  14 темир түркүк орнотулат.

Мындан тышкары Нарын районунан  Москва  чөлкөмүнө кире бериш аймагына 12 темир түркүктөр орнотулуп, тункү чырактар илинүүдө.

Бюджеттен каралган каражатка керектүү жабдуулар салытылып алынып,  темир түркүктөрдү жасоо жана орнотуу, чубалгыларды тартуу жана башка жумуштар  “Таза Нарын” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан аткарылууда.

 

 

 

 

Добавить комментарий