Жарык дүйнөнүн куту болгон энелерибизге таазим

Үйдүн куту, турмуштун чыныгы туткасы, адамзаттын эң биринчи тарбиячылары болгон ардактуу энелеребизди, бүгүн, 7-мартта майрамы менен шаар жетекчилиги үйлөрүн кыдырып  куттукташты.

Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов жана шаардык Кеңештин төрагасы Ж.Ботоканов 94 жаштагы А.Жумалиеванын, 93 жаштагы   К.Калматованын жана 102 жаштагы А.Тойгонбаеванын үйлөрүндө болуп, чейрек кылым жашап, балдарынын, небере-чөбөрөлөрдүн төрүндө дөөлөттү карылык сүрүп жаткан энелерибизди 8-Март Аялдардын Эл аралык майрамы менен куттуктап, каалоо тилектерди айтып, белектерди тапшырышты.

Добавить комментарий