Жарылган суу түтүктɵрү калыбына келтирилди.

 

Нарын шаарынын “Городок” аймагында жарылган суу түтүгү бир суткада калыбына келтирилип, аймактын тургундары таза суу жана жылуулук менен камсыз болду.

Белгилей кетсек, 7-февраль күнү Нарын шаарынын “ Городок” аймагындагы  ичүүчү суу  магистралында авариялык жарылуу болгон. Авариянын кесепеттери Нарын суу канал ишканасынын кызматкерлеринин күнү-түнү иштеген ыкчам аракети менен бир сутканын ичинде калыбына келтирилди. 3 метр тереӊдикте жайгашкан узундугу 11 метр суу түтүгү толук алмаштырылып,  9-февраль күнү эртеӊ менен калкка ичүүчү суу берилди.

Ишкананын башкы инженери Ашыр Мамбетовдун айтымында, жарылуунун негизги себеби суу түтүктɵрүнүн эскиргендигине байланыштуу. Кайсы жерде авария болоору тууралуу алдын ала эч ким кепилдик бере албайт жана мындай жарылуулар ишкананын катардагы жумуштарынан болуп саналат.

Суу токтогондугуна байланыштуу аталган аймактагы 644 абоненттин жылуулук системасы да 8-февраль күнү кечки саат 22. 00дɵн эртеӊ мененки 8.30 га чейин ɵчүрүлүп, суу берилгенден кийин кайрадан кошулду.  

Жылуулук берүү ишканасынын жетекчиси Улан Айтиев билдиргендей, топтолгон суунун запасы 2 саатка гана жетет. Ошол себептен жылуулукту убактылуу ɵчүрүүгɵ туура келген.

Кырдаалдан улам абоненттердин баары жылыткыч пайдаланууга мажбур болгондуктан электр жарыгынын үзгүлтүксүз берилүүсү  жергиликтүү бийликтин жана тармак адистеринин тыкыр кɵзɵмɵлүндɵ болуп турду.

9-февраль күнү Нарын шаардык мэриясында ɵткɵрүлгɵн штабдын отурумунда ушул маселе талкууланып,  шаардын биринчи вице-мэри Нурбек Молдокадыров тарабынан тармак адистерине жумушчу тартибиндеги бир катар милдеттер белгиленди.

Штабдын отурумуна “Кыргыз жылуулук энерго” мамлекеттик ишканасынын Жарандык коргонуу техникалык коопсуздук кызматынын башчысы Тилек Кыдыров да катышып, Нарындын жылуулук системасынын техникалык коопсуздугунун абалын текшергени келип жогорудагы маселенин үстүнɵн чыгып калышканын, Нарындагы бардык кызматтар ар кандай кырдаалдарга даяр экендигине күбɵ болгонун айтып, айрыкча суу канал ишканасынын кызматкерлерине ыраазылык билдирди.  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Нарын шаардык мэриясынын пресс-кызматы.        

 

 

 

 

Добавить комментарий