ЖАРЫЛГАН СУУ ТҮТҮКТѲРҮ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛҮҮДѲ.

Кечээ Нарын шаарынын Ж. Шералиев кɵчɵсүндɵгү суу түтүктɵрүнүн 5 жеринде жарылуу болгондуктан Ат-Башы кɵчɵсүнɵн Жаӊы-Жол аймагына чейинки аймактарда ичүүчү суу үзгүлтүккɵ учурап, элди ыӊгайсыз абалга алып келди.

Нарын суу канал ишканасынын жумушчулары түнү менен иштеп тɵрт аймактагы суу түтүктɵрүн калыбына келтирип, акыркысын жасап жатышат.

Жарылуунун себеби, суу түтүктɵрүнүн эскилиги жеткендигинде. Шаар элинин суу маселесин чечүү үчүн Европалык реконструкциялоо жана ɵнүктүрүү банкынын «Нарын шаарын ичүүчү суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» долбоору ишке ашып жатканы белгилүү. Шералиев кɵчɵсүндɵ казуу иштери жүргүзүлүп, суу жана канализация түтүктɵрү алмашылып жаткандыктан жердин дыӊы бузулуп, эскилиги жетип араӊ турган суу түтүктɵрү улам бир жеринен жарылып жатат.

Адистердин айтымында, таза суу түтүктɵрүнүн 85 пайызы алмашылып бүттү. Эми бир аз чыдай турсак жакынкы күндɵрдɵ толук алмашылып, суу жаӊы түтүктɵр аркылуу бериле баштайт. Ошого чейин сабырдуу болуп, түзүлгɵн кырдаалды туура түшүнгɵнгɵ аракет кылсак…

Бул нарындыктардын суу маселесин чече турган абдан чоӊ долбоор. Иш оор. Курулушту жүргүзүп жаткан ишканалар да болгон күчүн жумшап, жумушту тездетүүнүн аракетинде. Андыктан жалпылап кɵмɵк кɵрсɵтүп, анча-мынча кыйынчылыктарга чыдамдуу болсок…

Добавить комментарий