ЖАРЫЛГАН СУУ ТҮТҮКТӨРҮ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛИП, ТАЗА СУУ БЕРИЛДИ.

 

Нарын шаарынын Ж. Шералиев көчөсүндөгү жарылган суу түтүктөрү Суу канал ишканасынын жумушчуларынын жигердүү аракети менен калыбына келтирилип, кечки саат 19. 00 чамасында калкка таза суу берилди.

Түзүлгөн кырдаалга сабырдуулук менен мамиле жасаган шаар тургундарына жана Нарын суу канал ишканасынын кызматкерлерине түйшүктүү жана ыкчам аракети үчүн терең ыраазылык билдиребиз.

Мындай авариялык жарылуулар болбосо таза суу токтотулбайт. Ошондой болсо да шаар тургундарына суу запасын топтоп алууларын эскертебиз.

Ж. Шералиев көчөсүндөгү курулуш иштерине байланыштуу шаардагы жылуулук системасы да токтотулган. Эгерде катуу суук болуп, эл кыйнала турган болсо жылуулук болжолдонгон мөөнөттөн эртерээк берилээрин маалымдайбыз.

Добавить комментарий