Жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук, азыркы коомдун эн коркунучтуу жана көйгөйлүү маселеси, — вице-мэр С.Эсенаманова

Кечээ, 30-январда  жаш өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун, укук-бузуулардын себептери жана алардын алдын алуу боюнча Нарын шаарында ата-энелердин катышуусунда жыйын болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Жыйынга Нарын шаарынын вице-мэри С.Эсенаманова катышып, жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук, азыркы коомдун эн коркунучтуу жана көйгөйлүү маселеси экендигин белгилеп, акыркы мезгилде жаштар арасындагы кылмыштуулук барган сайын, улам кооптуу нукка өтө баштаганы жергиликтүү бийлик органдарын, мугалимдерди, жаштар маселелери менен алектенген адистерди, укук коргоо органдарын, ата-энелерди тынчсыздандырып, катуу ойго салып жаткандыгын айтып өттү.

Ал эми өзүлөрүнүн тарбиялык милдеттерин билим берүү мекемелерине жүктөө аркылуу ата-энелер балдарына аз көңүл бурушууда деген ой-пикирлерин прокуратура, билим берүү, ички иштер бөлүмдөрүнүн, казыяттын өкүлдөрү билдиришти.

Ошондой эле жыйындын соңунда мугалимдер ата-энелерден сабактан кийинки убакытта окуучулардын эмне менен алектенип жаткандыгы боюнча көзөмөлдү күчөтүүнү, мектеп менен тыгыз байланышта болууну суранышты.

Добавить комментарий