ЖАШТАР ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДА КВН ЖАНА СПОРТ БОЮНЧА «МЭРДИН КУБОГУН» УЮШТУРУУНУ СУНУШТАШТЫ

Жаштар мектеп окуучулар арасында КВН жана спорт боюнча «Мэрдин кубогун» уюштурууну сунушташты. Мындай пикир бүгүн, 15-январда Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров жаштар менен жолугушуусунда айтылды. Нурбек Молдокадыров Нарын шаарынын демилгелүү жаштары шаар үчүн көптөгөн жакшы иштерди жасап, ийгиликтерди багындырып жатканы үчүн ыраазычылык билдирди жана жолугушууга келген жаштарга өзү жөнүндө азын-оолак айтып берди. Чогулушта жаштар ар тараптуу сунуштары, ой-пикирлери менен бөлүштү. Алар, шаарыбыздагы 10-мектептин азыркы абалы, бала-бакчалардагы жолдордун коопсуздугу, педколледждин келечеги, Нарын шаарынын өнүгүү программасы, жаштарды камсыздоо демилгелери, аларга жумуш ордун түзүп берүү, «GIZ» борбору жана «Шааркана» долбооруна көмөк көрсөтүү сыяктуу маселелер айтылды. Айтылган ар бир суроо-талапты жана сунуш-пикирлерди шаар башчысы жазып алып, алардын көпчүлүгүнө дароо жооп берди. Алардын ичинде жаштар мектеп окуучулар арасында КВН жана спорт боюнча «Мэрдин кубогун» уюштурууну сунуштап, аны шаар жетекчиси колдоорун билдирип, уюштурууну тапшырды. Бүгүнкү жолугушууга «Демилгелүү жаштар» тобу, Нарын шаардык Кеңешинин депутаттары, студенттер жана окуучулар катышты.  Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Добавить комментарий