«ЖАШТАР» СЕЙИЛ БАГЫ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛЕТ.

Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесине карата Городок аймагындагы «Жаштар» сейил багы бүткɵрүлүп, шаар элине белек кылынуу алдында турат.

Сейил бакка балдар аянтчасы, чоӊ кишилер олтуруп эс алуучу үстү жабык жайлар, аллея, түнкү жарык коюлуп, эс алуу үчүн ыӊгайлуу шарттар түзүлдү.

Эми интернет киргизилип, жаштарга жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берүү жагы каралмакчы.

Сейил бак «Шаарыбыз баарыбызга» аталышындагы марафондон түшкɵн акча каражатынын эсебинен 1 миллион 200 миӊ сомго реконструкцияланды.

Курулуш ишин шаардык мэрия тарабынан ɵткɵрүлгɵн тендердин жыйынтыгы менен «Булан-Строй» жоопкерчилиги чектелген коому жүргүздү.

Белгилей кетсек, ɵткɵн жылы жергиликтүү бюджеттен 1 миллион сомго «Жаштар» сейил багынын биринчи бɵлүгү пайдаланууга берилген эле. Эми аталган эс алуу жайы толук бүткɵрүлүп, шаар элин кубантканы турат.

Добавить комментарий