«ЖАШТАР ҮЧҮН ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК» ДОЛБООРУ ЖАШТАРДЫН ДЕМИЛГЕЛҮҮ ИШТЕРИН КОЛДОЙТ.

Бүгүн, 27-февралда Германия эл аралык кызматташтык коомунун «Жаштар үчүн жаркын келечек» долбоорунун жетекчиси Кристиане Оерманн айым Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманованын кабыл алуусунда болду.

Эки тараптуу баарлашууда «Жаштар үчүн жаркын келечек» долбоору боюнча кызматташууну улантуу боюнча сүйлɵшүүлɵр жүрдү.

Белгилей кетсек, долбоор Нарын шаарында буга чейин натыйжалуу иш алып барып, жаштардын бир топ маселелерин чечип берген. Буюрса, март айы менен долбоордун үчүнчү этабы башталаары күтүлүүдɵ.

Салтанат Эсенаманова шаардын тазалыгы үчүн таштанды салуучу челектерди жасатуу боюнча колдоо керектигин билдирди.

Кристиане Оерманн айым бул маселе эске алынаарын айтып, долбоор башталса жаштардын мындан башка да демилгелүү иштери колдоого алынаарын белгиледи.

Добавить комментарий