ЖАШЫЛДАНДЫРУУ ИШТЕРИНИН АЛКАГЫНДА 5 ЧАКЫРЫМ ИЧКИ ИРРИГАЦИЯ ТУТУМДАРЫ ОНДОЛОТ

Нарын шаарынын аймагында декаративдик жашыл арчанын жана көк карагайдын жүздөгөн көчөттөрү отургузулат.Учурда көчөттөрдү шаар аймагына отургузуу планынын алкагында мерчемдүү аймактарга орундуктары казылып даярдалууда.Бул иштердин аткарылышы жана оңдоону талап кылган ирригация тутумдары менен Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Майрамбек Жунусов баштаган комиссия таанышып, оңдоо иштерин баштоону талкуулады.Быйылкы жазда 5 чакырым ички арыктар оңдолуп, отургузулган көчөттөргө сугат суу жеткириллет.

Добавить комментарий