Жашылдандыруу мекемеси жыгач отундан жардам кɵрсɵттүү

Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесине  жардам сурап  кайрылган үй  бүлɵлɵргɵ жыгач отуну таратылды.

Нарын шаарында 3 500 чукул аз камсыз үй бүлɵ, 2300  ашуун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар катталган.

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен аталган категориядагы жарандарга жылга кыш мезгили үчүн кɵмүр отуну, акчалай компесациялар берилип турат. Быйыл мындай жардамдар жергиликтүү демɵɵрчүлɵр тарабынан да кɵрсɵтүлүп келүүдɵ.

Ал эми бүгүн, 27-ноябрда жашылдандыруу  мекемесине кайрылгандардын алтоосуна 1 кубдан жыгач отунунан жардам кɵрсɵтүлдү. Кезекте дагы онго чукул арыз бар экендигин мекеменин жетекчиси билдирди.

 

Добавить комментарий