Жаш ɵспүрүмдɵр арасындагы кɵйгɵйлɵр талкууланууда

Жаш ɵспүрүмдɵр арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу максатында Нарын шаардык мэриясы, ички иштер, билим берүү бɵлүмдɵрү жана социалдык ɵнүгүү башкармалыгы менен биргеликте ар кандай алдын алуу иштери уюштурулуп келүүдɵ. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Бул күндɵрү да мэрия тарабынан атайын график иштелип чыгып, 2015-жылдын 17-ноябрынан 20-ноябрга чейин орто мектептердин 7-11-класстын окуучулары менен жолугушуулар ɵткɵрүлɵт.

Жолугушуулар «Жаш ɵспүрүмдɵр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жана балдарды зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен коргоо» темасында болуп, анда азыркы учурдун кɵйгɵйлүү маселелери болгон тартип бузуу, рекетчилик, уруп-сабоо, тоноо, ɵспүрүмдɵрдүн терс жолдорго баруусу, коомго жат кɵрүнүштɵр,  ошондой эле алардын зордук-зомбулукка кабылышы туурасында кенен талкуу жүргүзүлмɵкчү.

Жыйында жаш ɵспүрүмдɵр менен иш алып барган инспекциянын, «Ыйык Ата Журт» коомдук жаштар уюмунун ɵкүлдɵрү да бул теманын алкагында маалымат беришет.

Ал эми бүгүн 17-ноябрда жолугушуу график боюнча №7 М.Сыдыков атындагы орто мектептен башталды, ага ɵкмɵттүн облустагы ɵкүлүнүн орун басары Ч.Абдраимакунова, шаардын вице-мэри С.Эсенаманова жана башка тиешелүү кызматкерлер катышышты.

Добавить комментарий