ЖАШ ТАЛАНТКА КОЛДОО

Нарын шаарынын кичинекей тургуну, жаш талант Акмарал Эркинбек кызы, бүгүн, Нарын шаарынын жетекчилигинин кабыл алуусунда болуп, ийгиликтери, келечектеги максаттары менен бɵлүштү.

Акмарал жакында эле Түркия мамлекетинде ɵткɵн «Бай эл санаттары» кɵркɵм ɵнɵр фестивалына катышып, ɵз ɵнɵрүн тартуулап, «Мыкты ырчы» диплому менен сыйланып келди.

Анын фестивалга барып келүү жол киресине Нарын шаардык мэриясы тарабынан да материалдык колдоо кɵрсɵтүлгɵн эле.

Жолугушууда Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова Акмаралдын чет жерде болгондогу сезимдери менен бɵлүшүп, ага кеӊ келечек каалады.

Акмаралдын апасы Айгерим Турдакунова кызынын талантын колдогон шаар жетекчилигине тереӊ ыраазылык билдирди.

Учурда Акмарал Эркинбек кызы Нарын шаарындагы №7-М. Сыдыков атындагы орто мектептин 7-классында билим алат. Мындан сырткары Ж. Шералиев атындагы искусство мектебинде музыкалык билимин тереӊдетип келет. Ал үй-бүлɵдɵ 5 бир туугандын кичүүсү. Ата-энесинен берилген тубаса таланты бар Акмарал жаш болсо да коомчулукка таанымал болуп, ɵзүнүн күйɵрмандарын табууга жетишкен.

Акмаралдын окуусуна жана чыгармачылыгына ийгилик каалоо менен кыргыздын чыгаан кыздарынан болуусуна тилектештигибизди билдиребиз.

Добавить комментарий