ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙМАГЫНА КӨК КАРАГАЙЛАР ТИГИЛДИ

Нарын шаарынын Жаңы-Жол аймагына көк карагайлардын көчөттөрү тигилди. Жалпы 20га чукул көчөттөр жеке ишке Азамат Жумакеев тарабынан жана Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык козомол министерлигинин Нарын регионалдык башкармалыгы, Салкын-Тор жаратылыш паркы, Нарын мамлекеттик коругу, Каратал жапырык мамлекеттик коругу, Нарын токой чарбасынын эмгек жамааттары Нарын шаарынын Жаңы-Жол аймагына көчөттөрдү отургузушту.

Башкармалыктын жамааты Жаңы-Жол аймагындагы жолдун эки тарабын жашылдандыруу планына жигердүү катышып, 60 терек, 15 Тянь-Шань карагайынын көчөттөрүн отургузушуп, сугарышты.

 

Иш чарага катышкан Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев жашылдандыруу, көрктөндүрүү ишине өз салымын кошкон ишкерге ыраазычылык билдирди.

Шаар башчысы бул аймакты жашылдандыруу үчүн алдыда дагы ийне жалбырактуу бактардын көчөттөрү отургузулуп, сугат суу жеткирилип,айланасы толугу менен тосулаарын айтты.

 

Добавить комментарий