ЖАҢЫ КОНУШ ЖАРЫКТАНДЫРЫЛДЫ

РТС чөлкөмүндөгү Асан Жусупов атындагы көчөгө электр энергиясы жеткирилди. Нарын электр тармактары ишканасы тарабынан 400КВТ көмөкчү чордон орнотулуп, 10/04 КВТ зым тиректер орнотулуп, 900 метрдей электр чубалгылары  тартылды.

Бул жаңы конуштун  тургундары  электр жарыгын коңшу көчөлөрдөн тартып алып, пайдалынып келишкен. Бул көчөдө 50гө чукул тутүн үй бүлө бар.

Аймактын инфраструктурасын жашыртуу суу жана жол маселелерин жөнгө салуу Нарын шаардык мэриясынын алдынкы иш пландарына камтылган.

Добавить комментарий