Жаӊылануунун, аруулуктун майрамы – ажайып Нооруз күнү

Кечээ, 21-мартта Нарын шаарынын борбордук «Теӊир-Тоо» аянтында «Нооруз» майрамы ɵзгɵчɵ шаӊ менен белгиленди. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Жаркыраган ушул жаз күнүндө аруулуктун, жаңылануунун, жалпы журт баш кошуп бирге өткөрө турган, элибиздин жыл бою күтүп жакшылыкка ыроологон «Нооруз» майрамын тосууга аянтка эл эрте эле чогулду.

Биздин ата-бабаларыбыз кылымдар бою белгилеп келишкен Нооруз — ажайып жаз майрамына арналып аянтта тигилген боз үйлɵр, кооздолгон сахна, улуттук тамак-аштардын, азык-түлүк продукцияларынын, кол ɵнɵрчүлүк кɵргɵзмɵлɵрү майрамдык маанай жаратып турду.

Саат 10-00до башталган майрамдык иш чараны шаар мэри Р.Адиев ачып, шаар тургундарын жана меймандарын, “Жер жарылып, табият ойгонгон мезгилде, жылуу желдин деми жүрөктү жылытып, жагымдуу маанай жараткан, элибиздин улуу тарыхы менен бирге кылым карыткан, Чыгыш элинин жаңы жылы болгон — жаз күнүндөгү жаркын Нооруз майрамы менен куттуктайм” деп, элибизге ынтымак-ырашкерлик, бакыт-таалай каалады.

Ошондой эле Күн менен Түн теңелип, табийгат ойгонуп, жашоо жаңыланып, дүйнө жандуу жана шаңдуу болгон мезгил – Нооруз менен, Нарын элин КР Жогорку Кеӊештин депутаты К.Самаков, КР Ѳкмɵтүнүн аппарат жетекчиси Н.Момуналиев жана Ѳкмɵттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү А.Кайыпов куттукташты.

Андан кийин театрлаштырылган оюн-зоок программа тартууланып, анда жаздын келиши, үрɵн себүү  кɵрүнүшү чагылдырылып, улуттук сүмɵлɵк, кɵжɵ тамактары таратылып, ар улуттун бийлери бийленип, шаӊдуу ырлар жаӊырып, борбордук “Ала-Тоо” стадионунда спорттук мелдештердин түрү ɵткɵрүлдү.

Муну менен катар улуттук тамак аш, кол ɵнɵрчүлүк кɵргɵзмɵлɵрүнɵ сынак ɵтүп, жеӊүүчүлɵр акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Ал эми майрамдын уландысы кечки саат 19/30 да мэрия тарабынан уюштурулган жаштардын дискотекасы менен улантылды.

IMG_6137

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий