«ЖАӉЫ ДООРГО-КЫРК КАДАМ» ПРОГРАММАСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ.

Бүгүн Нарын шаарындагы Ж. Шералиев атындагы искусство мектебинде Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтү тарабынан бекитилген «Жаӊы доорго-кырк кадам» стратегиялык ɵнүктүрүү  программасы талкууланды.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлчүлүгүнүн, Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчылары, аппарат кызматкерлери,  мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл ɵкмɵт башчылары, жергиликтүү кеӊештердин тɵрагалары катышты.

Иш чараны КРѲнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү Аманбай Кайыпов ачып, андан соӊ Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Зайнидин Жумалиев аталган программа боюнча кеӊири маалымат берди.

З. Жумалиев «Жаӊы доорго-кырк кадам» программасынын ар бир кадамы Кыргыз Ресубликасындагы маселелерди конкреттүү чечүүнү камсыз кылаарын жана ушул программанын негизинде ар бир түзүм иш пландарды иштеп чыгып, ошол боюнча иш алып баруулары зарылдыгын билдирди.

 

 

 

 

 

Нарын шаардык мэриясынын пресс-кызматы.

 

Добавить комментарий