Жаӊы жылдык балаты орнотулду

              

Нарын шаарынын борбордук аянтына бийиктиги 15 метрди түзгɵн жаӊы жылдык балаты орнотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Балаты кооздолуп, ɵзгɵчɵ кечкисин шаардын кɵркүнɵ кɵрк кошуп, шаардыктардын майрамдык маанайын жаратууда.

Мындан сырткары, 10 метрлик балаты «Ала-Тоо» стадионуна коюлду.

Жаӊы жылдык балатыларды алып келип, орнотууга, шаардын мерчемдүү жерлерине илинген майрамдык банерлерге  жана башка шаардын жаӊы жылдык жасалгалоосуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 миӊ сом акча каражаты бɵлүнүп берилген.

Ошондой эле шаардык мекеме-ишканалар арасында  мыкты жаӊы жылдык жасалгалоо сынагы жарыяланып, анын жыйынтыгы атайын комиссия тарабынан 23-декабрга чейин  аныкталат.

Добавить комментарий