Жаӊы-жылдык балаты элдин назарын буруп, жакшы маанай жаратууда – Нарын шаардык мэриясы

Нарын шаарынын борбордук аянтына орнотулган балатынын бийиктиги 20 метрди түзөт.  Ал эми Ала-Тоо стадионуна 15 метр бийиктиктеги жаңы жылдык балаты орнотулду.  Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Мурдараак маалымдалгандай,  жаңы жылды тосуунун символу болгон балатыны орнотууга, шаардын көчөлөрүндөгү майрамдык баннерлерге жана башка жасалгалоо иштерине жергиликтүү бюджеттен 140 миң сом бөлүнүп берилген.

Шаардын борборундагы балаты ɵзгɵчɵ кечки маалда шаардын кɵркүнɵ кɵрк кошуп, анда келип жанына сүрɵткɵ түшүп жаткандардын саны арбын болуп, шаардыктарга майрамдык маанай тартуулоодо.

IMG_8021 IMG_8033

Добавить комментарий