Жаӊы окуу жыл ийгиликтер менен коштолсун-шаар мэри Р.Адиев

Бүгүн, 1-сентябрда Нарын шаарынын бардык орто мектептеринде 2015-2016-жылдын алгачкы коӊгуроосу кагылды. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Шаар мэри Р.Адиев №7 М.Сыдыков атындагы орто мектептин «Биринчи коӊгуроо» иш чарасына катышып, мугалимдер жамаатын, окуучуларды жана ата-энелерди жаӊы окуу жылдын башталышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалап ɵттү.

Ошондой эле мектептин директору Ж.Кɵкɵтаева мектептин жетишкендиктери жана ийгиликтерине токтолуп, быйылкы окуу жылында биринчи класска 110 бала кабыл алынганын билдирди.

Иш чаранын жүрүшүндɵ аталган мектептин он окуучусунан турган «Виктория» милициянын жаш инспекторлор тобуна, Казакстан Республикасынын Кустанай шаарында жаш инспекторлордун арасында өткөн сынакта 3-орунду ээлегендиги үчүн, Ички иштер министрлигинин Ардак  Грамотасы жана ар бири миӊ сомдон акчалай сыйлык, ошондой эле Нарын облустук Ички иштер башкармалыгынын «Милициянын жаш досу» аталыштагы өтмө туусу тапшырылды.

Ал эми майрам окуучулардын күчү менен даярдалган концерттик программа менен коштолду.

Белгилей кетсек, шаарыбыздын баардык мектептеринде «Мекеним менин — Кыргызстан» аталыштагы ачык сааттар ɵткɵрүлдү.

Добавить комментарий