ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЖАШООЧУЛАР КАРАЖАТ ЧОГУЛТУП, ШААРДЫК МЭРИЯНЫН КӨМӨГҮ МЕНЕН ОҢДОЛОТ

Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев Нарын шаарындагы Таалай атындагы көчөгө барып, аймактын ал абалын көрүп чыкты. Аталган ички көчөнүн тургундары көчө ылай болуп, басууга мүмкүн болбой калгандыгын айтып кайрылышкан.

Аталган көчөгө барган шаар башчысы жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, маселени чечүүнү талкуулашып, эки тараптуу аракеттин негизинде оңдоону сүйлөшүштү. Сүйлөшүүгө ылайык жергиликтүү жашоочулар каражат чогултушуп, шаардык мэрия атайын техника жана күйүүчү майдан жардам кылууну убадалап, ага чейин жолду туздөтүп берүү Таза Нарын ишканасына тапшырылды.

Добавить комментарий