ЖЕР АЯНТТАРЫН МЫЙЗАМСЫЗ КОРУП АЛГАН ЖАРАНДАР ТРОТУАР САЛУУ ЖУМУШТАРЫНА ТОСКООЛДУКТАРДЫ ЖАРАТЫШУУДА

Нарын шаарынын РТС чөлкөмүнө жөө адамдар жолун салуу жумуштары жакынкы күндөру уланат. Буга чейин этап-этабы менен ишке ашып келе жаткан тротуар салуу жумуштарын ушул жылы аягына чыгаруу аракеттеринин алкагында мыйзамсыз корулуп алынган жалпы пайдалануудагы жер аянттарын бошотуу боюнча жергиликтүү жашоочуларга дагы бир ирээт түшүндүрүү иштери жүргузулдү.Эскерте кетсек, тротуар салына турчуу жер аянттарын бошотуу боюнча берилген билдирүүлөрдү аткарбагандык, долбоорду ишке ашырууга чоң тоскоолдук жаратып жатат.Мындан улам түшүнүү менен кабыл алып, мыйзамсыз корулган жер аянттарын бошотууну өтүнөбуз. Мыйзамга баш ийбеген тараптардын мыйзамсыз коруктары жана башка курулуштары бузулаарын эскертебиз.Үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен 1 млн 981 миң сомго (мунун ичинен өздүк салым 593 миң сом) РТС чөлкөмүндөгү Жетиген көчөсүнөн Теке- Секирик көчөсүнө чейин жөө адамдар жолу салынууда.

Добавить комментарий