Жер тилкелерин туура бɵлүштүрүү үчүн күчɵтүлгɵн тапшырма берилди.

Кечээ Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Нурбек Молдокадыров шаардагы жер тилкелерин бɵлүштүрүүдɵ коррупциялык кɵрүнүштɵргɵ жол бербей, бирдиктүү система менен иш алып баруу боюнча тиешелүү мекеме жетекчилерине күчɵтүлгɵн тапшырмаларды берди.

Шаарда жер аянттары чектелүү болгонуна карабастан 2017-жыл ичинде мүмкүнчүлүккɵ жараша 40тан ашык жаран кезек менен жер тилкелерине  ээ болгон.

Учурда Нарын шаарында турак-жай курууга жер аянтын алуу үчүн дагы 2000ден ашык жаран кезекте турат.

Буюрса, шаардагы муниципалды менчикти инвентарлаштыруу иши аяктаса шаардын менчигиндеги жер тилкелери аныкталып, кезектеги жарандарга жер алуу мүмкүнчүлүктɵрү түзүлмɵкчү.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Нарын шаардык мэриясынын пресс-кызматы.

 

Добавить комментарий