ЖЕР ТИЛКЕЛЕРИ ИЖАРАГА БЕРИЛЕТ

Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы тарабынан жер тилкелери ижарага берилет.

 

1-Лот Нарын шаарындагы №9 мектептин жанынан 12 чарчы метр жер аянты аукцион аркылуу 1 жылдык  моонотко ижарага берилет. Баштапкы баасы 420 сом.

 

2-Лот  Нарын шаарынын Таалай көчөсүнүн түштүк-чыгыш тарабынан 120 чарчы метр жер аянты жеңил типтеги ПТО курууга, ал эми 232,5 чарчы метр жер аянты жашылдандырууга  аукцион аркылуу ижарага берилет. Баштапкы баасы ПТО курууга 4200 сом, жашылдандырууга 1162,5 сом.

 

3-Лот Нарын шаарынын Шулер көчөсүнүн күн чыгыш тарабынан, Токтогул мектебинин мандайынан 215 чарчы метр жер аянты 1 жылдык мөөнөткө унаа токтотуучу жай уюштурууга аукцион аркылуу ижарага берилет. Баштапкы баасы 4300 сом.

 

4- Лот Нарын шаарынын Жаны-Жол аймагынан женил типтеги унаа жуучу жай жана автогаз коюуга 400 чарчы метр жер аянты  5 жылдык мөөнөткө аукцион аркылуу ижарага берилет.

 

Баштапкы баасы : Бир айга- 14000 сом.

 

Катышуучулар гарантиялык акысын, баанын 10% РСК банк аркылуу төмөнкү реквизитте төлөшөт. 44050122002339

 

Документтер  Нарын шаары Ленин көчөсү № 64 даректе 2019-жылдын 15-сентябрына чейин кабыл алынат.  .

 

Байланыш тел: 5-16-21

 

Добавить комментарий