Жетекчилик шаарды кыдырып, бир катар тапшырмалар берилди

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын шаарынын мэри Рахат Адиев жана бир катар мекеме, ишканалардын жетекчилери  шаардын ичин жаз алды менен ирээтке келтирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерди көрүү жана туура эмес курулган курулуштарды аныктоо боюнча бүгүн, 12-мартта шаарды кыдырышты. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Шаарды кыдыруу Нарын шаарынын чыгыш тарабындагы Теке-Секирик аймагынан башталып Жаӊы –Жол аймагына чейин жүргүзүлдү.

Анын жүрүшүндɵ аныкталган кемчиликтер боюнча тиешелүү кызмат адамдарына бир катар тапшырмалар берилди.

Добавить комментарий