ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫ НАРЫН ШААРЫНЫН ЭЛИНИН КӨЙГӨЙЛӨРҮН УКТУ

Бүгүн, 27-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Рыскелди Момбеков, Алтынбек Жунус уулу жана Кыргыз Республикасынын бир катар министрликтеринин өкүлдөрүнөн турган топ Нарын шаарынын эли менен жолугушуп, көйгөйлүү маселелерин укту.

Жолугушуу Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынын демилгеси менен уюштурулду.

М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында өткөрүлгөн баарлашууда Нарын шаарынын эли тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттарына теңиртоолуктардын көйгөйү болгон электр энергиясынын кымбаттыгы, пенсия, жөлөкпул, айлык акылардын аздыгы, аскер ардагерлеринин көйгөйлөрү, мектеп, бала бакчалардын жетишсиздиги, мамлекеттик камсыздандыруу маселесиндеги кемчиликтер жана башка элүүгө жакын социалдык көйгөйлөр айтылды.

Эркин баарлашуу форматында өткөрүлгөн жолугушуу иш чарасында эл өкүлдөрү жана министрликтердин өкүлдөрү суроолорго дароо жооп берип, бул маселелердин бардыгы Жогорку Кеңеште көтөрүлүп талкууланаарын, чечүү жолдору каралаарын билдиришти.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков шаарга бир мектеп салдыруу маселесин чечип берээрин убада кылып, калган маселелердин чечилишине колдон келишинче аракет кылынаарын белгиледи.

Атайын Нарын шаарынын эли менен жолугууга убактысын бөлүп, элдин көйгөйүн укканы келген эл өкүлдөрүнө ыраазычылык билдиребиз. Тениртоолуктардын маселелери четинен болсо чечилүү жолуна түшөт деген ишеничтебиз.

 

Добавить комментарий